Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

«Биринчи радио» радиостанциянын «Таӊкы бурулуш» туз эфири

«Биринчи радио» радиостанциянын «Таӊкы бурулуш» туз эфири»

«Биринчи радио» радиостанциянын «Таӊкы бурулуш» программасынын түз-эфиринде Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун (БАЖПИИ) содиректору Болот Молдобеков Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча дүйнөлүк лидерлеринин Глазго шаарында ноябрь айында болуп өткөн Саммитинин алкагында өзүнүн пикирин айтып, өлкөбүздөгү көйгөйлүү маселеси экология туралуу тиешелүү суроолорго жооп берди.

Өлкөбүздө "жашыл экономика» программасын өнүктүрүү багытын ишке ашыруу боюнча, климаттын өзгөрүшү жана экология кризисинин таасирин алдын алуу максатында алдыга коюлган иш чаралар. Ошондой эле, акыркы бир нече жылда мөңгүлөрдүн интенсивдүү эриши, суу ресурстарынын азайышы, кургакчылык, айыл чарбасында түшүмдүүлүктүн төмөндөшү жана табигый кырсыктар курч көйгөйгө айланганын өзгөчө белгиледи.

Маалыматка ылайык, Жашыл климаттык фонддун төрагасы Кыргызстанга гранттык негизде 1 миллион доллар берилүү мүмкүнчүлүгү талкууланууда. Азыркы убакытта, эки тарап кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин жана актуалдуу долбоорлорду ишке ашыруусуна өзгөчө басым жасалып, долбоор алкагында Кыргызстандын адистерине эксперттик жана техникалык жардам көрсөтүлө тургандыгы айтылды.

Ошондой эле, Болот Молдобеков иррагациялык системаларды жана инфраструктураны изилдөө, айыл чарба жерлерин суу жээктерин бекемдөө, сел жана суу ташкындарынан алдын алуу аракеттери боюнча тиешелүү иш-чараларды алып баруу зарылчылыгын белгиледи.

  
Өздүк материалдар жана «Биринчи радио» материал боюнча даярдалды.

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg