Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

БАЖПИИнин кызматкерлери БААУда «Климат мектеби-2026» сессияларында баяндамаларды тартуулашты

2026-жылдын 23-ноябрында Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институтунун «Мониторинг тутумдары жана маалыматтарды башкаруу» бөлүмүнүн жетекчиси Александр Зубович жана «Климат, суу жана геоэкология» бөлүмүнүн улук илимий кызматкери Рыскул Усубалиев Борбордук Азиядагы Америка университетиндеги «Климат мектеби-2026» пленардык сессияларында баяндамаларды жасашты.

Александр Владимирович "Борбордук Азиядагы жаратылыш жараяндарын байкоо (БАЖПИИнин мисалында)" темасында баяндама жасап, андан кийин климаттын өзгөрүшү жана социалдык адилеттүүлүк боюнча панелдик талкууга катышты. 

Рыскул Абдыжакыпович "Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшү жана Тянь-Шань мөңгүлөрүнүн деградациясы" деген темада баяндама сунуштады.

«Климат мектеби-2026» жаштардын арасында экологиялык маалымдуулуктун деңгээлин жогорулатуу жана аларды айлана чөйрөнү сактоодогу курч маселелерди чечүүгө тартуу максатында уюштурулган.

Эске сала кетсек, 2026-жылдын 11-ноябрында COP31 лидерлер саммитинде БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш жаңы климаттык адилеттүүлүк келишимин сунуштап жатып: "Температура жогорулаган сайын адаптация жашоо маселесине айланат. 1,5 градус босогосунан ашып кетүү адаптацияга принципиалдуу жаңы мамилени — жаңы муундагы улуттук адаптация пландарын иштеп чыгууну талап кылат", - деп белгилеген.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg