Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

БАЖПИИде кырсыктарды алдын алуу үчүн спутник технологияларын колдонуу боюнча семинар өткөрүлдү

 10-ноябрда БАЖПИИ жаратылыш кырсыктарын көзөмөлдөө жана жаратылыш кырсыктарына тез арада жооп кайтаруу үчүн спутник технологияларын колдонуу боюнча семинар өткөрдү.

 Семинарды Кырсыктарды азайтуу боюнча Азиялык борборунун (ADRC) өкүлү Макото Икеда жетектеди. 

 Иш-чарага БАЖПИИнин содиректору Болот Молдобеков, «Геодинамика жана геотобокелдиктер» бөлүмүнүн кызматкерлери Улан Абдыбачаев жана Теңдик Коноков, «Потенциалды өнүктүрүү жана илимий кызматташтык» бөлүмүнүн кызматкерлери Назгүл Алыбаева жана Ян Степницкий катышышты. Жапония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү да катышты.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга табигый кырсыктардан улам келип чыккан өзгөчө кырдаалдарга тез арада чара көрүүгө көмөк үчүн спутник сүрөттөр жана маалыматтарды бөлүшүү үчүн Жерди аралыктан байкоо боюнча Sentinel Asia демилгеси тааныштырылды.

 Семинардын программасы онлайн таанытым баяндамаларды камтыды. Жапониянын аэрокосмостук изилдөө агенттигинин (JAXA) өкүлү Юки Танака Sentinel Asia демилгесинин алкагында Жерди байкоо боюнча спутник технологияларына сереп салды. Жапониянын космос форумунун өкүлү Такеши Шираиши «Космос жана ири кырсыктар» эл аралык хартиянын ишмердүүлүгү жөнүндө баяндап берди.

 Макото Икеда OPTEMIS платформасы аркылуу Эл аралык хартияга спутниктик байкоо жүргүзүү боюнча шашылыш суроо-талаптарды берүүнүн жол-жобосун кеңири баяндап, мындай суроо-талаптарды кароонун стандарттуу жол-жобосун көрсөттү.

 Семинардын аягында катышуучулар жаратылыш кырсыктарын көзөмөлдөө, кырсыктардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү иш тартибин илгерлетүү үчүн спутник технологияларын колдонууда учурдагы өз ара аракеттенүү жол-жоболорун жакшыртуу жана аймактык кызматташтыкты күчөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.  

   

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg