Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

БАЖПИИ суу ташкындарынан, селден жана мөңгү көлүнүн жарылышынан улам келип чыккан кырсыктардын коркунучун азайтууга көмөктошүүдө

Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институту суу ташкындарынын коркунучу жөнүндө эрте эскертүү тутуму жөнүндө маалыматтык иш-чараларды өткөрүүдө.

2026-жылдын 25-сентябрында БАЖПИИ кызматкерлери Ала-Арча улуттук паркынын администрациясы менен жолугушуп, Ала-Арча дарыясынын бассейниндеги сел жана суу ташкындары жөнүндө эрте эскертүү тутуму тууралуу түшүндүрмө беришти.

"Климаттын өзгөрүшүндө Борбордук Азия аймагындагы калктын мөңгү көлүнүн жарылышынан улам суу ташкындарына болгон жабыркоо тобокелдигин азайтуу" (GLOFCA) долбоорунун алкагында БАЖПИИ Ала-Арча паркына Адыгене, Ак-Сай жана Ала-Арча дарыяларындагы суунун деңгээлин жана агымынын ылдамдыгын өлчөө үчүн жабдууларды, ошондой эле суу ташкыны, сел же тоо көлүнүн жарылышы учурунда коомчулукту эскертүү жана коопсуз тилкелер жөнүндө маалымат берүү үчүн үн күчөткүчтөрдү орнотуп жатат. БАЖПИИнин «Потенциалды өнүктүрүү жана илимий кызматташтык» бөлүмүнүн башчысы Назгүл Алыбаева жана ЮНЕСКОнун Кыргыз Республикасындагы долбоорлорунун улуттук координатору Назгүл Шаршенова долбоор жана аны ишке ашыруу жөнүндө айтып беришти.

«Климат, суу жана геоэкология» бөлүмүнүн улук илимий кызматкери Рыскул Усубалиев Ала-Арча дарыясынын бассейниндеги мөңгү көлдөрүнө климаттын өзгөрүшүнүн таасири жөнүндө айтып берди. «Бакоо тутумдары жана маалыматтарды башкаруу» бөлүмүнүн башчысы Александр Зубович байкоо станциялары, жабдууларды орнотуу жерлери, коркунуч кантип бааланып жана калкка эскертүү кантип жеткирилери жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле маалыматтык иш-чаралар 30-сентябрда Байтик Баатыр айыл аймагынын тургундары үчүн, 1-октябрда Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун өкүлдөрү үчүн, 7-октябрда Байтик айылындагы А. Сүйүмбаев атындагы Орто-Алыш орто мектебинин жана 9-октябрда Кашка-Суу айылындагы Т. Актанов атындагы орто мектептин 8-11-класстарынын окуучулары үчүн уюштурулду.

"Климаттын өзгөрүшүнүн шартында Борбордук Азия аймагындагы калктын мөңгү көлүнүн жарылуусунан пайда болгон суу ташкындарынан жабыркоо тобокелдигин азайтуу" долбоору БАЖПИИ тарабынан ЮНЕСКОнун, GLOFCAнын адаптация фондунун жана Цюрих университетинин (Швейцария) колдоосу менен ишке ашырылууда. 

13-октябрь - кырсыктардын тобокелдигин азайтуунун эл аралык күнү. Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институту 2004-жылдан бери табигый жана антропогендик кырсыктарды алдын ала айтуу, тобокелдиктерди азайтуу чараларын иштеп чыгууга катышуу, коомчулукту кырсыктардын кесепеттери жөнүндө жана өзгөчө кырдаалдарда аракеттер боюнча маалымдоо иш алып барууда.

 

 

  

 

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg