Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

БАЖПИИде иштелип чыккан сейсмикалык эрте эскертүү системасы Ташкентте таанытылды

2026-жылдын 19-20-октябрында Ташкентте Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институтунун содиректору Болот Молдобеков жана БАЖПИИнин «Байкоо тутумдары жана маалыматтарды башкаруу» бөлүмүнүн башчысы Александр Зубович "Шаарлардын кырсык коркунучтарына жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун күчөтүү жана сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуу" аталыштагы шаарлардын туруктуулугу боюнча экинчи аймактык диалогго катышышты.

Борбордук Азияда сейсмикалык коопсуздукту чыңдоо боюнча сессияда Болот Молдобеков "Жер титирөө жөнүндө эскертүү системасын түзүүгө карай" темасындаы баяндама жасады. 

 Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандан келген эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү шаарлашуунун өсүшү, жерди натыйжасыз пайдалануу жана территорияны пландаштыруу, пландаштырууда тобокелдиктер жөнүндө маалыматтын жетишсиз эске алынышы, Швейцариянын сейсмикалык тобокелдиктерди башкаруудагы тажрыйбасы, Япониянын шаарлардын туруктуулугун камсыз кылуудагы тажрыйбасы, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү сейсмологиялык институттардын ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык маселелерин талкуулашты.

 БАЖПИИнин содиректору Болот Молдобеков шаардык туруктуулук жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү максатында өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду. 

 

 

  

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg