БАЖПИИ "Илимдин укмуштуу окуялары: Борбор Азиядагы аялдар жана мөңгүлөр" программасын ишке ашырууну колдоп жатат
2026-жылдын 28-августунда "Илимдин укмуштуу окуялары: Борбор Азиядагы аялдар жана мөңгүлөр" программасынын жыйынтыктоочу иш-чарасы уюштурулду.
Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун cо-директору доктор Болот Молдобеков иш-чаранын ачылышындагы сөзүндө климаттын өзгөрүшү шарттарында мөңгүлөрдү изилдөөнүн мааниси айтып жана аял окумуштуулардын салымын белгиледи.
"Илимдин укмуштуу окуялары: Борбор Азиядагы аялдар жана мөңгүлөр" программасы мөңгүлөрдү изилдөөгө, билимди иш жүзүндө колдонуу, сынчыл ой жүгүртүү жана аялдардын илимде өзүн-өзү сынап көрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүугө багытталган.
Жыйынтыктоочу иш-чарада программанын катышуучулары Голубин мөңгүсүндөгү талаа иштеринин натыйжасы менен тааныштырышты. Экспедициянын жүрүшүндө алар жер үстүндөгү альбедонун мөңгүлөрдүн эрүүсүнө, Ала-Арча капчыгайындагы арчанын өсүшү жана мөңгү сууларынын мүнөздөмөлөрүнүн өзгөрүшүнө тийгизген таасирин изилдешти. БАЖПИИнин “Байкоо тутумдары жана маалыматтарды башкаруу” бөлүмүнүн изилдөөчүсү Перизат Иманалиева топтун илимий координатору жана инструктору болду.
Долбоор Фрайбург университети тарабынан ишке ашырылып жатат, ал эми Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту программага колдоосун көрсөтүүдө.








