Түрк тилдүү өлкөлөрдүн географтары илим жана билим берүү жаатындагы өнөктөштүктү талкуулашты
15-16-майда БАЖПИИнин улук илимий кызматкери Рыскул Усубалиев Түрк дүйнөсүнүн географтарынын 4-эл аралык конгрессине катышты.
Конгресс туруктуу аймактык өнүгүү боюнча изилдөөлөрдү жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн илим жана билим берүү жаатындагы өнөктөштүктү талкуулоо үчүн уюштурулган.
Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстандан келген окумуштуулар тарыхый жана географиялык изилдөөлөр, жаратылыш ресурстары жана туруктуу айлана-чөйрөнү башкаруу, геосаясат жана аймактык интеграция, географиялык билим берүү жана илим, ошондой эле туризм боюнча докладдарды жасашты.




