БАЖПИИ аймактык сейсмикалык коркунуч жөнүндө алдын ала эскертүү тутумун ишке киргизүүгө салымын кошууда
16-январда Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институтунун содиректору Болот Дүйшеналиевич Молдобеков Борбордук Азиядагы өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтуу боюнча ведомстволор аралык кеңешмеге катышты.
Кеңешменин төрагасы катары Өзгөчө кырдаалдар жана жаратылыш кырсыктардын тобокелдигин азайтуу борборунун директору Джергалбек Исакеевич Укашев катышуучуларга сейсмикалык коркунуч болгон учурда эрте эскертүү жана өз ара маалымат алмашуу боюнча аймактык механизмди иштеп чыгуу, ведомстволор аралык жана мамлекеттер аралык макулдашууларды ишке ашыруу жана аткарылган жумуштардын жыйынтыктары жөнүндө маалымдады.

Джергалбек Укашев Борбордун мамлекеттер аралык айкаштыруучу жана корутунду даярдай турган кызматын баса белгиледи.
Болот Молдобеков Кыргыз Республикасындагы сейсмологиялык байкоолордун учурдагы абалы жана негизги багыттары жөнүндө билдирди. Ал Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын сейсмологиялык станциялары 2025-жылы жанышып кошулганы жөнүндө кабарлады.
Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлигине караштуу «Сейсмологиялык байкоо жана изилдөөлөр боюнча Улуттук илимий борбору» ЖЧШ директору Жапсарбай Султанбекович Султанбеков БАЖПИИ менен ЖЧШ ортосундагы келишимге ылайык, улуттук сейсмологиялык станциялар маалыматтарды ыкчам алмашуу үчүн бирдиктүү аймактык маалымат-талдоо инфратүзүмгө ылайыкташылып жатканы жөнүндө сөз кылды.
Тараптар аймактык эрте эскертүү тутумун иштеп чыгууну тездетүү жана айкаштыруу зарылдыгы боюнча макулдугун ырасташты жана кызматташууну ургалдаштырууга даярдыгын билдиришти.



