БАЖПИИнин кызматкерлери климаттын өзгөрүшү жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча UNEP (БУУнун айлана-чөйрө боюнча программасы) конференциясына катышты

     2025-жылдын 26-март күнү ,  Бишкектеги "Орион" отелинде UNEP уюму тарабынан уюштурулган конференция болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын санариптик экологиялык атласы көрсөтүлдү.Атласта түшүрүлгөн маалыматка ылайык, акыркы 60 жылда Кыргызстанда абанын температурасы 1,2°С,дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсе жогорулап, бул өз кезегинде суунун тартыштыгына жана табигый кырсыктардын тобокелдигинин жогорулашына алып келген.Ошондой эле жайыттардын деградациясы жана климаттын өзгөрүшү өлкөнүн ГЭСтери үчүн өтө маанилүү болгон суу ресурстарына тийгизген таасири талкууланды.

      UNEP уюмунун Европалык кеңсесинин директору Арнольд Крайлхубер атласта көрсөтүлгөн маалыматтар өлкөнүн климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусундагы маанилүүлүгүн белгиледи. Конференцияга Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институтунун (БАЖПИИ) илимий кызматкерлери:Усубалиев Рыскул Абдыжакыпович, Усупаев Шейшеналы Эшманбетович жана Жантаев Марат Мундузбаевич катышып, алардын илимий иштери жана изилдөөлөрү Атластын негизин түздү.

      

       

     Конференция эл аралык кызматташтыкты жана суу ресурстарын интеграцияланган башкарууну бекемдөөдө, өзгөчө Борбордук Азиянын трансчек аралык дарыяларынын контекстинде маанилүү кадам болуп калды. Жыйындын аягында катышуучулар климаттын жана экосистемалардын мониторингин жакшыртуу, ошондой эле региондун узак мөөнөттүү экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жаратылыш ресурстарын башкаруу чөйрөсүндө туруктуу практикаларды иштеп чыгуу боюнча демилгелерди колдоорун билдиришти.