Содиректор жана БАЖПИИ бөлүм башчылары Аэро Асахи Корпорэйшн (AAC) өкүлдөрү менен жолукту

2024-жылдын 24-октябрында содиректор жана БАЖПИИ бөлүм башчылары Аэро Асахи Корпорэйшн өкүлдөрү, чет өлкөдөгү бизнес бөлүмүнүн директору Хиромичи Маруяма, сатуу бөлүмүнүн менеджери Кей Такашита, долбоорлор боюнча жогорку менеджер Атсуиши Окуизуми жана Борбордук Азия менен Казакстандагы ААС координатору Раушан Каликова менен жолукту.

IMG 20241024 124645

Жолугушуунун жүрүшүндө табигый кооптулук жана коркунучтарды мониторингдөө, маалыматтарды башкаруу жана шаарлардын 3D моделдерин пайдаланып, өзгөчө кырдаалдарды башкарууну жакшыртуу боюнча маселелер талкууланды.

IMG 20241024 104107

IMG 20241024 104036