"Климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга мониторинг жүргүзүүдө жана болжолдоодо инновациялык технологияларды колдонуу"(LoraWan)

 2023-жылдын 24- апрелинен 28-апрелине  чейин Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институту (БАЖПИИ) «Кыргыз Интернет коому»

 (ISOC )менен биргеликте "Климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга мониторинг жүргүзүүдө жана божомолдоодо инновациялык технологияларды колдонуу" темасында презентация семинары жана тегерек стол болуп өттү, анын алкагында ар кандай типтеги өлчөөчү сенсорлордон маалыматтарды альтернативдүү ыкмалар менен берүүнүн жаңы ыкмаларын тестирлөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Иш-чарада климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча инновациялык технологиялардын бет ачары болду. Иш-чарага КР Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, КР ӨКМге караштуу гидрометеорология кызматы, интернет-коомчулуктун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын окумуштуулары, эксперттер жана ЖМК нын өкүлдөрү катышты. Презентацияга жогорку окуу жайлардын ( КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС «УНИВЕРСИТЕТИ, И.Раззаков атындагы КМТУ) студенттери чакырылган.

Семинардын жүрүшүндө Италиядан келген өнөктөштөр «Wireless tehnologies for Iot», «LoraWan»технологиясынын кемчиликтери жана артыкчылыктары тууралуу маалымат беришти.

Финалдык дискуссиянын аягында Триест шаарындагы (Италия)

Абдус Салам атындагы эл аралык теориялык физика борборунун өкүлдөрү «LoraWan» системасы боюнча долбоордун алкагында аткарылган иштер тууралуу презентациялары менен ой бөлүшүштү.Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү жана эл аралык эксперттер тарабынан продуктивдүү-коммуникативдик иштер жүргүзүлдү.