Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдик Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуунун 30 жылдык мааракеси

Дипломатиялык мамилелерди орнотуунун 30 жылдык мааракеси.

Урматтуу кесиптештер жана достор!

Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институту (БАЖПИИ) Кыргыз Республикасы жана Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоолорун билдирет.

Мыкты дипломатиялык мамилелердин негизинде бул жемиштүү кызматташтыктын бир бөлүгү болгонубуз үчүн өзүбүздү бактылуу деп эсептейбиз.

Кызматташуунун борбордук жана бириктирүүчү максаты бул туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жана жашоонун сапатын жогорулатуу, бул максаттарга өз ара пайдалуу жана көп тармактуу  кызматташуунун негизинде жетишүүгө болот. БАЖПИИ биздин өлкөлөрдүн ортосундагы бардык деңгээлдердеги өз ара кызматташууну кеңейтүүгө жигердүү катышат.

Бул жылдар аралыгында биз эки өлкөгө зор пайда алып келген илимий тармактарда көптөгөн долбоорлорду ишке ашырдык.

Биз көп тараптуу жана ийгиликтүү кызматташуубузду келечекте да улантууну каалап, ошону менен бирге биздин өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди тереңдетүүнү чыдамсыздык менен күтөбүз.

БАЖПИИнин жамаатынын атынан

 

Өз материалдары боюнча даярдалган.