БАЖПИИ суу ташкындарынын коркунучу жөнүндө эрте эскертүү тутуму тууралуу маалыматтык иш-чараларды өткөрүүдө
2026-жылдын 25-сентябрында БАЖПИИ кызматкерлери Ала-Арча улуттук паркынын администрациясы менен жолугушуп, Ала-Арча дарыясынын бассейниндеги сел жана суу ташкындары жөнүндө эрте эскертүү тутуму тууралуу түшүндүрмө беришти.
"Климаттын өзгөрүшүндө Борбордук Азия аймагындагы калктын мөңгү көлүнүн жарылышынан улам суу ташкындарына болгон жабыркоо тобокелдигин азайтуу" (GLOFCA) долбоорунун алкагында БАЖПИИ Ала-Арча паркына Адыгене, Ак-Сай жана Ала-Арча дарыяларындагы суунун деңгээлин жана агымынын ылдамдыгын өлчөө үчүн жабдууларды, ошондой эле суу ташкыны, сел же тоо көлүнүн жарылышы учурунда коомчулукту эскертүү жана коопсуз тилкелер жөнүндө маалымат берүү үчүн үн күчөткүчтөрдү орнотуп жатат.
БАЖПИИнин «Потенциалды өнүктүрүү жана илимий кызматташтык» бөлүмүнүн башчысы Назгүл Алыбаева жана ЮНЕСКОнун Кыргыз Республикасындагы долбоорлорунун улуттук координатору Назгүл Шаршенова долбоор жана аны ишке ашыруу жөнүндө айтып беришти.
«Климат, суу жана геоэкология» бөлүмүнүн улук илимий кызматкери Рыскул Усубалиев Ала-Арча дарыясынын бассейниндеги мөңгү көлдөрүнө климаттын өзгөрүшүнүн таасири жөнүндө айтып берди. «Бакоо тутумдары жана маалыматтарды башкаруу» бөлүмүнүн башчысы Александр Зубович байкоо станциялары, жабдууларды орнотуу жерлери, коркунуч кантип бааланып жана калкка эскертүү кантип жеткирилери жөнүндө айтып берди.
Ошондой эле маалыматтык иш-чаралар 30-сентябрда Байтик Баатыр айыл аймагынын тургундары үчүн, 1-октябрда Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун өкүлдөрү үчүн, 7-октябрда Байтик айылындагы А. Сүйүмбаев атындагы Орто-Алыш орто мектебинин жана 9-октябрда Кашка-Суу айылындагы Т. Актанов атындагы орто мектептин 8-11-класстарынын окуучулары үчүн уюштурулду.

