БАЖПИИ мажар кесиптештерине Дьюла Принцтин Тянь-Шань маршруту боюнча экспедиция уюштурууга жардам берди
Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун, "Потенциалды өнүктүрүү жана илимий кызматташтык" бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Алыбаеванын көмөгү менен мажар географы Дьюла Принцтин сапар багыты боюнча профессор Петер Силаши жетектеген Сегед университетинин өкүлдөрүнүн экспедициясынын биринчи бөлүгүнө катышуусу менен жардам көрсөтүлдү.
Дьюла Принц 1906-жана 1909-жылдардагы саякатта тоолуу аймактардын жана мөңгүлөрдүн карталарын түзүп, кыргыздардын жашоо-турмушу жана маданияты тууралуу маалыматтарды чогулткан.
Сегед университетинин изилдөөчүлөрү Дьюла Принцтин карталарын санариптештирип, заманбап географиялык координаттар тутуму менен байланыштырышкан. Экспедиция учурунда Адриан Хайшан, Зетен Деметер, Мартон Бенце Балог, Питер Балаж Терэн, Сабольч Кочмар жана доцент Йожеф Сатмари Дьюла Принцтин сүрөттөмөлөрүн жана эскиздерин, Дьёрд Алмашинин сүрөттөрүн өздөрүнүн байкоолору жана ландшафттардын, мөңгүлөрдүн азыркы абалынын сүрөттөрү, аймактын гидрографиялык шарттары менен салыштырып, дрондон сүрөткө тартууну жүргүзүштү.
Мисалы, 1906-жылы декабрда Д.Принцтин сапар учурунда Көл-сууда суу болгон эмес. Көл-суунун жээгинде азыркы изилдөөчүлөр Д.Принц алдын ала айткан туризмди өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын жана кемчиликтерин байкашкан.
Ал 1909-жылы сентябрда көл таап, аялынын урматына Лилли деп атаган. Бул көл азыр Көл-Төр деп аталат. Салыштырганда Сегед университетинин изилдөөчүлөрү кар жок болуп, суунун деңгээли кеминде эки метрге төмөндөгөнүн аныкташкан.
Тянь-Шань мөңгүлөрүнүн аянтынын азайышынын темпин баалоо үчүн изилдөөчүлөр 1906-жылдагы Д.Принцтин карталарын, 1970-жылдардагы советтик аскер карталарын дрон менен тартылган сүрөттөр, спутниктик сүрөттөр жана талаа өлчөөлөрү менен салыштырышкан. Окумуштуулардын байкоосу боюнча тоо-кен иштери, инфратүзүмдүн өнүгүшү жана мөңгүлөрдүн чегинүүсү айлана-чөйрөнүн олуттуу өзгөрүшүнө алып келди.
Алардын отчетунда айыл чарба жерлерин сугаруудан калкты суу менен камсыз кылуу башкы милдетинин өзгөрүшүнүн натыйжасында Ошко жакын жерлерде сугат каналдарынын ордуна заманбап суу менен камсыздоо тутумдары орун алганы белгиленген.
БАЖПИИ кыргызстандык жана венгриялык кесиптештеринин илимий кызматташтыгын бекемдөөгө салымы үчүн Бишкектеги Венгрия элчилигинин маданият жана билим берүү маселелери боюнча дипломаты Беата Фалга ыраазычылык билдирет.
Фото - Петер Силаши.
