БАЖПИИ со-директору Болот Молдобеков климат өзгөрүшүнүн таасири тууралуу эл аралык конференцияга катышты
2026-жылдын 16-17-сентябрында Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун со-директору Болот Молдобеков Ташкентте уюштурулган "Туруктуу өнүгүү үчүн Борбордук Азиядагы жаратылыш ресурстарына климаттын өзгөрүшүнүн таасирин азайтуунун жолдору" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Борбордук Азиянын изилдөөчүлөрү билим жана тажрыйба алмашууга, кесиптик тармактарды түзүүгө жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө катышышты.
Гидрометеорологиялык изилдөө институту БАЖПИИ со-директору Болот Дүйшөналиевичтин талкуулардагы баяндамасын жана активдүү катышуусун белгиледи: "Сиздин катышууңуз жана кесипкөй пикир алмашууңуз конференциянын ийгилигине олуттуу салым кошту".

