Уюштуруучулар Кеңешинин жана Байкоочу кеңештин мүчөлөрү БАЖПИИнин ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту ырасташты
2026-жылдын 2-сентябрында Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунда Уюштуруучулар Кеңешинин жана Байкоочу кеңештин отурумдары гибрид форматта өткөрүлдү.
БАЖПИИнин содиректорлору Болот Молдобеков жана Оливер Бенс отчёттук мезгил үчүн маалымат беришти.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Потсдамдагы Г.Гельмгольц атындагы геоилимдер борборунун, Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин, Каржы министрлигинин, Кыргыз Республикасындагы Германия Федеративдүү Республикасынын элчилигинин жана Германиядагы Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрү иштин жыйынтыктары жөнүндө баяндамаларды угушту.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча институттун иши жөнүндө отчётту жактыруу чечими чыгарылды.

