БАЖПИИ Ысык-Көлдөгү суунун температурасын өлчөп турат
30-июндан 1-августка чейин Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун адистери көлдөгү суу көтөрүлүшү станциясын көчүрүштү.
Станция суунун деңгээлин жана анын температурасын 2 метр тереңдикте өлчөйт.
Мурун билгизгичтер мейманканалардын биринин пирсине орнотулган, алардын пирси бузулуп баштаганда станцияны которуштурууга туура келди. Орнотууга уруксат алгандан кийин суу көтөрүлүшү станциясы Балыкчыда шаардык пляжынын пирсине орнотулду.
Суунун температурасы жөнүндө маалыматтар БАЖПИИнин сайтында жайгаштырылууда https://caiag.kg/.../3-b-l-m-monitoring.../issyk-kul
