Ольга Калашникова Европа Геоилимдер биримдигинин Ассамблеясында баяндама жасады
2026-жылдын 3-8-майында Европа Геоилимдер биримдигинин жылдык Башкы Ассамблеясы (EGU General Assembly 2026) өткөрүлдү.
«Климат, суу жана геоэкология» бөлүмүнүн башчысы Ольга Калашникова Nexus ыкмалары тууралуу секцияда "Нарын дарыясынын бассейнинде Суу-Энергетика-Азык-түлүк байланышын тескөө үчүн WEAP программасы менен моделин түзүү» аталыштагы баяндама жасады.

Бул жылы гибриддик форматта 22497 адис катышты. Ассамблеянын 1014 сессиясында 20173 баяндама тартууланды.
Илипоздордун жолугушуусу маанилүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн изилдөө жыйынтыктарын талкуулоого жана жаңы идеялар менен алмашууга өбөлгө түзүүдө.
Ассамблея учурунда геоилимдерде жасалма интеллектти колдонуу, анын мүмкүнчүлүктөрүн жана тобокелдиктерин баалоо жана машиналык көнүктүрүүнү Жер системаларынын үлгүлөөсүн өркүндөтүүгө колдонуу темалары да талкууланды.