БААУ студенттери БАЖПИИ ишмердүүлүгү менен таанышты
17-апрелде Борбордук Азиядагы Америка университетинин экология илимдери адистиги боюнча үчүнчү жана төртүнчү курстун студенттери БАЖПИИге келишти.
Профессор Шейшеналы Усупаев БАЖПИИнин тарыхы, анын максаттары жана изилдөө багыттары жөнүндө айтып берип, суроолорго жооп берди.
Инженер Талант Алтынбек уулу институттун сейсмикалык эрте эскертүү тутуму жөнүндө баяндап берди. Маалыматтык технологиялар секциянын башчысы Сергей Баркалов институттун көзөмөл жана маалыматтарды башкаруу инфраструктурасын көрсөттү.
Студенттер БАЖПИИнин со-директору Болот Молдобеков менен жолугушту.

