БАЖПИИде казакстандык кесиптештерге жер титирөө учурунда эрте эскертүү тутумун көрсөтүштү

18-февралда Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөөлөр институтуна Казакстандын Сейсмология институтунун өкүлдөрү, тактап айтканда илим боюнча мүдүрдүн орун басары Эрик Элинулы, Алматы борбордук сейсмикалык обсерваториясынын башчысы Жансая Багдатовна Досымбекова, лаборатория башчысы Беймамбет Маманович Аширов жана башкы геофизик Динмухамед Боронбаевич Аймуратов иш сапарынын алкагында келишти

БАЖПИИнин содиректору Болот Молдобеков конокторго институттун ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

«Байкоо тутумдары жана берилмелерди башкаруу» бөлүмүнүн жетекчиси Александр Зубович БАЖПИИде иштелип жаткан жер титирөө учурунда эрте эскертүү тутуму жөнүндө айтып берди.

 Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар сейсмология жаатында андан ары кызматташуу форматы боюнча макулдашышты.

kz9