Кыргызстандын аймагындагы коркунучтуу табигый процесстер жана кубулуштар боюнча карталардын сериясын иштеп чыгуу жана даярдоо

"Кыргызстандын аймагындагы кооптуу табигый процесстер жана кубулуштар боюнча карталардын сериясын иштеп чыгуу жана даярдоо" долбоору боюнча бүткүл республиканы жана ар бир облус үчүн өзүнчө камтыган өзгөчө кырдаалдар боюнча карталар иштелип чыккан жана даярдалган. Карталарда кооптуу табигый жана антропогендик процесстердин жана кубулуштардын окуялары жана объекттери: жер көчкү, суу ташкыны жана сел, кар көчкү, таш кулоо, бийик тоолуу көлдөрдү жырып кетүү коркунучу бар жана калдык сактоочу жайлар боюнча катмарлар камтылган.

Базалык катмар катары топографиялык катмарлар жана спутниктик сүрөт түрүндөгү субстрат колдонулуп, 3D рельеф менен капталган. Карталар кенен форматтагы дубал плакаттары түрүндө чыгарылган.

maps to moes

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар объектилери жана тилкелеринин  картасы.

Карталар премьер-министрге, вице-премьер-министрге, бир катар министрлерге, өзгөчө кырдаалдарга тиешеси бар комитет жана агенттик жетекчилерге жана облус жетекчилерине арналган.