Шаардык жана айылдык кадастр карталарын массалык санариптештирүү жана жаңылоо

Долбоор Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен ишке ашырылды.

"Шаардык жана айылдык кадастрдык карталарды массалык санариптештирүү жана жаңылоо" долбоорунда Чүй облусунун 30 катмар боюнча топографиялык жана кадастрдык карталары сканерден өткөрүлгөн, геобайланышкан жана векторлоштурулган.

Кыймылсыз мүлктүн 425 968 участогун камтыган 3145 карта жана планшеттер сканерленген, геобайланышкан жана векторлоштурулган, геобайланыш үчүн 10 000ге жакын өлчөө жасалган.

Катмарлар топологиялык тууралыкты текшерүү механизмдери менен жеке геомаалым базалары катары уюштурулган. Катмарларды жана ГИС долбоорлорун түзүү ArcGIS 9.3-10.1 программаларын колдонуу менен жүргүзүлдү.

gosregistr map vectorization

Спутник сүрөтү боюнча векторлоштурулган кадастрдык картанын фрагменти