Борбор Азиядагы Айымдар жана Мөңгүлүү тоолор боюнча «Илимий Саякаттар» аттуу программасынын жыйынтык иш-чарасы өттү

2025-жылдын 30-августунда Фрибург университети тарабынан Борбор Азиядагы Айымдар жана Мөңгүлүү тоолор боюнча «Илимий Саякаттар» аттуу программасынын жыйынтык иш-чарасы өттү. Бул долбоор Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту (БАЖПИИ) колдоосу менен ишке ашырылды.Долбоор мөнгулорду изилдөөгө жана аялдардын илимдеги мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Иш-чаранын ачылышында д-р Рыскул Усубалиев сөз сүйлөп, климаттын өзгөрүшү шартында мөнгулорду изилдөөнүн маанилүүлүгүн жана аял-илимпоздордун кошкон салымын белгиледи.

Иш-чаранын негизги бөлүгү — Голубин мөнгусунө болгон жети күндүк экспедициянын жыйынтыгына негизделген катышуучу кыздардын презентациялары болду. Алардын долбоорлорунда төмөнкү темалар камтылган:

  1. диффузиялык беттик чагылдырууну жана альбедону өлчөө;
  2. флораны изилдөө;
  3. мөңгүнүн гидрологиялык динамикасы жана эриген суунун курамы;
  4. мөңгүнүн айланасындагы топурактардын пайда болушу.

Чакырылган баяндамаларды эксперттер угушту.

Доктор Канайым Тешебаева (CAIАG) Чатыркөл көлүнүн суунун деңгээлинин өзгөрүшү тууралуу айтып берди. Ал көлдү азыктандыруунун мүмкүн болуучу булактарын, мөңгүлөрдүн ролун жана түбөлүк тоңдун эрүүсүн талкуулады. Доктор Тешебаева ошондой эле 19-кылымга таандык тарыхый карталарды талдоодон алынган көлдүн аймагындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды берди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИА) Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун өкүлдөрү да катышты. Антонина Спирова (КР УИА ИВПиГ) Бишкектин шаардык ирригациясын оптималдаштыруу боюнча ыкмаларды сунуштады. Анын баяндамасы климаттын өзгөрүшүн жана сууга болгон муктаждыктын өсүшүн эске алуу менен шаардык жашыл мейкиндиктерди сугаруу үчүн сууну колдонуунун натыйжалуу жолдорун табууга арналды.

Гүлбара Оморова Ала-Арчанын полигонунун Адыгене бийик тоолуу гляциологиялык станциясында гляциологиялык иштер жана Адыгене, Панфилов жана Ак-Сай мөңгүлөрүнүн, ошондой эле жарылуу коркунучу бар көлдөрдүн мониторингин уюштуруу боюнча маалымат берди.

Иш-чара Диана Рахманованын сөзү менен жыйынтыкталды. Ал жакында Дүшанбе шаарында өткөн «Мөңгүнүн ыры» аттуу мультимедиалык экологиялык көркөм көргөзмө тууралуу айтып берди. Бул көргөзмө «Кудук» маданий борбору коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, коомчулуктун көңүлүн Мөңгүлөрдун көйгөйлөрүнө жана климаттын өзгөрүшүнө буруу максатында илимий маалыматтар менен көркөм элестетүүнү айкалыштырган. Көргөзмөгө сүрөттөр, видеолор, инсталляциялар жана мөңгүлөрдун сулуулугу менен морттугун чагылдырган башка искусство чыгармалары кирген.

 030

  00030