БАЖПИИнин "Климат, суу жана геоэкология" 2-бөлүмүнүн жетекчиси Усубалиев Рыскул Абдыжакыпович, мөңгүлөрдү сактоо жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча форумга катышты

       2025-жылдын 25-март күнү,  Бишкекте " Open Innovations R&D " фонду жана "Кыргызстандын жашыл альянсы" бирикмеси  тарабынан уюштурулган "мөңгүлөрдү сактоо жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү"аттуу киришүү форуму болуп өттү. Иш-чара мөңгүлөрдүн деградациясы жана алардын Кыргызстандын суу ресурстарына жана экосистемасына тийгизген таасири туралуу  талкуулоо үчүн эксперттер менен илимпоздор чогулду.

       Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институтунан "Климат, суу жана геоэкология" бөлүмүнүн жетекчиси Усубалиев Рыскул Абдыжакыпович катышып, "азыркы климаттын өзгөрүүсүнүн шартында Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалы"деген темада баяндама жасады. Ал өз сөзүндө мөңгүлөрдүн азайышы суу ресурстарынын азайышына гана алып келбестен, аймактагы климаттык процесстерге да таасирин тийгизерин баса белгиледи.

 

Форумдун жүрүшүндө резолюция кабыл алынып, анда катышуучулар мөңгүлөрдү коргоо боюнча чараларды күчөтүүгө, аларды сактоо боюнча демилгелерди колдоо үчүн атайын финансылык механизмдерди иштеп чыгууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мөңгүлөрүн сактоо боюнча фонд түзүүгө чакырышты. Форум тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн мамлекеттик , илимий жана бизнес органдар ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи.