БАЖПИИнин содиректору - Молдобеков Болот Дуйшеналиевич 20-21-март күндөрү Парижде (Франция Республикасы) ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында болуп өткөн мөңгүлөрдү сактоо боюнча эл аралык Биринчи дүйнөлүк мөңгүлөр күнүнө жана бүткүл дүйнөлүк суу күнүнө арналган
Иш-чаранын расмий ачылышына ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле, Франциянын экология министри Аньес Панье-Рюнашенин, ошондой эле Кыргызстан, Тажикстан, Италия, Чили өлкөлөрүнүн жана башка эл аралык уюмдардын делегацияларынын катышуусунда болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө илимий изилдөөлөрдүн, иш-тажрыйба, билим жана технологияларды алмашуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле социалдык-экономикалык аспектилер жана мөңгүлөрдүн эришинин суу ресурстары, туруктуу өнүгүү, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздуктун терс кесепеттери туралуу талкуулар болду. Мындан тышкары, саясий чечимдер жана мөңгүлөрдү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерине жооп кайтаруу үчүн финансылык ресурстарды мобилизациялоо маселелери каралды.
Болот Молдобеков климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине арналган "мөңгүлөрдөн океанга чейин: ар кайсы аймактардын мисалдары" темасындагы иш-чаранын алкагында "климаттын өзгөрүү шарттарында Кыргызстандын криосферасынын мониторинги"презентациясы менен бөлүштү.