БАЖПИИ нин Уюштуруучулар Кеңешинин отуруму

БАЖПИИ нин Уюштуруучулар Кеңешинин отуруму

 

2022-жылдын 12-декабрында  Борбордук Азия жерди прикладдык изилдөө  институтунда (БАЖПИИ) уюштуруучулар Кеңешинин отуруму болуп өттү.Бул отурумга Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Мамбетов Азамат Муратович,Потсдам шаарынын Жерди изилдөө борборунун илимий башкармалыгынын төрагасы  Сьюзан Буйтер, Потсдам шаарынын Жерди изилдөө борборунун административдик башкармалыгынын төрагасы Стефан Шварцэ жана Кыргыз Республикасынын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  Текебаев Өмүрбек Чиркешович конок катары катышты.

Отурумдун жүрүшүндө уюштуруучулар Кеңешинин материалдарынын бардык пункттары бир добуштан кабыл алынды.

 

Озубузтун материалдары жана медиа материалдары боюнча даярдалган.