Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулар жамааты жана студенттери БАЖПИИге иш сапар менен келишти

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулар жамааты жана студенттери БАЖПИИге иш сапар менен келишти

2022-жылдын 13-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин инженердик факультетинин студенттери факультеттин деканы Н.Э.Тотубаеванын жетекчилиги менен таанышуу иретинде келип кетишти. Жолугушуунун жүрүшүндө «Долбоорлорду ишке ашыруунун тажрыйбасы жана практикасы» жөнүндө БАЖПИИнин содиректору Молдобеков Б.Д. айтып берди. Андан соң №3 бөлүмдүн кызматкери инженер сейсмолог Алтынбек уулу Талант «Кыргызстандагы сейсмикалык байкоолордун азыркы абалы» деген темада баяндама жасады. Жолугушуунун соңунда БАЖПИИнин китепканасы жана сервердик бөлмөсү менен таанышышты.