DAAD жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин иш сапары

DAAD жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин иш сапары

2022-жылдын 10-февралында DAADдын информациялык центринин башчысы – Катя Тевс жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Кыргыз-Германия техникалык институтунун директору Усупжанова Анипа башында турган делегация иш сапары менен келип кетти.

Жолугушууда билим-илим берүүдөгү суроолор талкууланды. ФРГнын жана КРнын ортосундагы ар тараптуу меморандумдарды өз-ара кызматташтыктарды кеңейтүү тууралуу чечимдерди кабыл алышты. БАЖПИИнин жааматы Германиядагы стажировка жана окуу үчүн ар кандай окуу программалары менен таанышты.

Өздүк материалдардан даярдалган.