Билим берүү жана илим министринин орун басары БАЖПИИге иш сапары менен келди

Билим берүү жана илим министринин орун басары - Абдраева Айгүл Төлөковна БАЖПИИге иш сапары менен келди.

   Бүгүн, 8-июнда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министринин орун басары Абдраева Айгүл Төлөковна БАЖПИИге иш сапары менен келди. Жолугушуунун жүрүшүндө тыгыз кызматташтык жана билим берүү чөйрөсүндөгү келечек маселелери талкууланды.

   Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө институттун техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана электрондук платформаларды иштеп чыгуудагы бай тажрыйба, эл аралык долбоорлорго катышуу жана институттун китепкана ресурстарын иштеп чыгуу боюнча таанышуу өткөрүлдү.

Институттун материалдарынын негизинде даярдалган.