Кыргыз Республикасында эрте эскертүү тутумун интеграциялоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча Казакстан Республикасынын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга иш сапары

2021-жылдын 18-майында Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсык тобокелдигин төмөндөтүү борбору (ЦЧССРСБ) жумушчу тобу БАЖПИИге иш сапары менен келишти. Иш сапардын максаты эрте эскертүү тутумдарын интеграциялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу.

Жолугушуунун жүрүшүндө Казакстан Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсык тобокелдигин төмөндөтүү борбору (ЦЧССРСБ), Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана БАЖПИИнин өкүлдөрү катышты.

Жумушчу топтун отурумунун негизинде Казакстандык кесиптештердин тажрыйбасын колдонуу менен Кыргызстандын аймагында эрте эскертүү тутумун киргизүүнү инициализациялоо макулдашылды.

Өзүбүздүн материалдарыбыздын негизинде даярдалган.