БАЖПИИнин кызматкерлери Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин китепканасында болушту.

БАЖПИИнин кызматкерлери Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин китепканасында болушту.

     2021-жылдын 26-апрелинде БАЖПИИ 4-бөлүмүнүн кызматкерлери Орозмамбетова А., Сулайманова Ж., Казиева Г. "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин китепканасында болушту. Электрондук китепкананын түзүмү жана жалпы китепкана иш-жүрүшү менен таанышышты.

    КТУ "Манас" китепканасынын директору Ынакбеков Максатбек китепкананын иши менен тааныштырды. Кыргыз-Түрк Университетинин китепканасы 2005-жылдан баштап "Yordam 2001" китепкана-автоматташтырылган тутумунда иштей баштаган. Бул система жыл сайын жаңыланып турат.

 LibraryManas

     Автоматташтырылган китепкана - "Yordam" тутуму жардамы менен булактардан натыйжалуу пайдалануу камсыз кылынат жана керектүү маалыматтарды тез алуу камсыздалат. Жолугушуунун жыйынтыгында CAIAG жана "Манас" КТУнин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюу боюнча келишимдер түзүлдү.

LibraryManas1

LibraryManas2

Өзүбүздүн материалдарыбыздын негизинде даярдалган.