11-декабрда БАЖПИИ, КЭАУ жана ЭАТИ Эл аралык тоолор күнүнө карата кереге кеңеш уюштурушту

11-декабрда Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институтунун содиректору Болот Дүйшеналиевич Молдобеков Эл аралык тоолор күнүнө арналган "Тоолордо жана алардын айланасындагы мөңгүлөр, суу, азык-түлүк жана жашоо каражаттары" темасындагы кереге кеңешке катышты.

КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР Улуттук илимдер академиясынын академиктери Асылбек Айдаралиев жана Рысбек Нургазиев, БАЖПИИ содиректору Болот Молдобеков тегерек столдун катышуучуларына ачылыш сөздөрү менен кайрылышты.

БАЖПИИ “Климат, суу жана геоэкология” бөлүмүнүн жетекчиси, г.и.к. Рыскул Усубалиев "Климаттын өзгөрүү шартында Борбордук Азиядагы суу ресурстарынын өзгөрүшү (GRACE маалыматтарынын негизинде)" деген темада жана БАЖПИИ адиси Руслан Кенжебаев "Учурдагы климаттын жылышы шартында Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн массалык балансынын өзгөрүшүн байкоо жана изилдөө" темада баяндамаларды жасашты.

Эл аралык тоо институтунун, Кыргызстан Эл аралык университетинин, Кыргыз улуттук агрардык университетинин, Улуттук илимдер академиясынын Тоо физиологиясы жана медицина институтунун жана Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун өкүлдөрү тоо аймактарындагы башкаруу, бийик тоолуу мөңгүлөр, тоо жашоосунун экономикалык аспекттери, адамдардын тоо шарттарына ыңгайлашуусу, тоолордогу азык-түлүк коопсуздугу, Глобалдык тоо университети жана Бразилиядагы климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык конвенциясынын жыйналышына Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусу тууралуу баяндамаларды тартуулашты.

Жыйынтыгында катышуучулар тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер боюнча резолюция кабыл алышты.

202512112

Эске салсак, Бириккен улуттар уюму Кыргыз Республикасынын демилгеси жана 130 мамлекеттин колдоосу менен 2002-жылды Эл аралык тоолор жылы деп жарыялаган, ал эми 2003-жылы Бишкек тоо платформасын эске алуу менен 11-декабрды Эл аралык тоо күнү деп жарыялаган.