БАЖПИИ содиректору Болот Молдобеков Борбордук Азиядагы суу жана энергетика тармагындагы кызматташтыктын механизмин талкуулоо боюнча отурумга катышты

4-декабрда Ташкентте Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институтунун содиректору Болот Дуйшеналиевич Молдобеков Борбордук Азиядагы суу жана энергетика тармагындагы кызматташтыктын өз ара пайдалуу механизмин талкуулоо боюнча Аймактык жумушчу топтун бешинчи отурумуна катышты.

Министрликтердин, суу ресурстары кызматтарынын, изилдөө институттарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен АКШ, Германия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Швейцариянын эксперттери суу жана энергетикалык ресурстарды башкарууга болгон муктаждыктарын, макулдашылган моделди колдонууну, кесиптик өнүгүүнү жана тастыкталган маалыматтар менен камсыздоону талкуулашты.

 tashkent2 tashkent3

Аймактык жумушчу топтун отуруму өнөктөштөрдүн ишенимин чыңдоого, суу жана энергетикалык ресурстарды башкаруудагы эң мыкты тажрыйбаларды ыңгайлаштырууга жана колдонууга багытталган.

Иш-чара GIZтин "Жашыл Борбордук Азия, 2-фаза" аймактык программасынын алкагында Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму, Мамлекеттер аралык координациялык суу чарба комиссиясынын илимий маалымат борбору жана Эл аралык климаттык демилгесинин кеңселери менен биргеликте уюштурулду.

 

Макала үчүн МКСКнын илимий-маалымат борборунун сүрөттөрү колдонулду.